Оштун Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында болгон. Анда Тойота Камри үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, жардан кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен 29 жаштагы 3 эркек киши жеңил жаракат алышкан. Алар Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Кырсыкта унаадан өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө саат 00:50дө 1 бөлүм тартылып, саат 01:35те толугу менен өчүрүлдү.








