Ошто унаа жуучу жайды ижарага алып иштешкен жаран катуу сабалды

23-февраль күнү саат 23:30 чамасында Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайды ижарага алып иштеткен 1988-жылы туулган жаранды Эмил аттуу жаран уруп, тээп жаракат келтирген.

Соттук медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, анын баш мээси ачык түрдө жабыркап, оор даражада жанчылышы, баш мээсинин сөөктөрүнүн жана мээнин катуу чел кабыгынын ортосунда кандын уюшу сыяктуу жаракат алган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. 12-мартта качып жүргөн жеринен Сулайман-Тоо кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалып, ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.