Ошто унаа оодарылып, каналга түшүп кеткен. Каза болгондор бар

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Ош шаарына жакын жайгашкан Озгур айылында Honda Fit үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Унаа оодарылып Увам суусуна түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, унааны чыгарууга көмөктөшкөн жана каза болгон жарандарды унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Каза болгондордун так саны азырынча белгисиз.