Ош шаарына жакын жайгашкан Озгур айылында Honda Fit үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, Увам суусуна түшкөн. ӨКМ кырсыктан каза болгондор бар экенин билдиришкен.
Милиция тараткан маалыматка ылайык, кырсык 2-июнга караган түнү саат 02:00 чамасында катталган. Кырсыктын кесепетинен 3 киши каза болду. Тиешелүү экспертаза дайындалган.