Ош шаарына жакын жайгашкан Озгур айылында Honda Fit үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Унаа оодарылып Увам суусуна түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, унааны чыгарууга көмөктөшкөн жана каза болгон жарандарды унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Каза болгондордун так саны азырынча белгисиз.