Ошто уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү улантылууда. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
24-октябрь күнү Өзгөн РИИБге аймактык ооруканадан 1988-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну денесинен жараат алып ооруканага түшкөндүгүн билдиришкен. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө, 24-октябрь күнү саат 14:30 чамасында, Өзгөн шаарынын көчөлөрүнүн биринде бычак менен жабырлануучуну коркутуп, денесине жараат келтирген шектүү аныкталган.
Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгѳн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, буга чейин бир нече жолу кылмыш жообуна тартылган, 1982-жылы туулган «Акбала» деген каймана аттуу жаран кармалып, камакка алынды.