Буга чейин Ош шаарынын коллегиялык жыйынында вице-мэр Салтанат Аманова 2024-жылы Ош шаарындагы антикино жайларында жашы жете элек 3 кыз зордукталганын билдирген. Милиция маалымат берип, эки иш кыскартылып, бир иш сотко өткөнүн билдирди.
Маалыматка караганда, 2024-жылы 5-январда 2008-жылы туулган кыздын ата-энеси милицияга кайрылган. Бирок алар кеч кайрылгандыктан экспертизадан кылмыш аныкталбай, өндүрүштөн кыскартылган.
2024-жылдын 12-апрелинде 2009-жылы туулган кыздын ата-энеси милицияга кайрылган. Окуя антикинодо болгонун билдиришип, иш сотко өткөн.
2024-жылы 26-июлга караган түнү 2010-жылы туулган кыздын ата-энеси милицияга кайрылган. Бирок кылмыштын курамы жок болуп чыккан. Экспертизадан кылмыш аныкталган эмес.