Оштогу аэропортто бут кийимдерине алтын каткан 2 аял колго түштү (сүрөт)

«Түштүк-батыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери, Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМК кызматкерлери менен биргеликте Ош шаарынын аэропортунда Стамбул-Ош каттамы боюнча рейсти бажылык тариздөө процессинде декларацияланбаган сары металл буюмдары аныкталып, кармалган. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Өзбекстанстандын эки жараны зер буюмдарын бут кийимдердин таманынын атайын кесилген оюктарына катып, Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө аракет кылган. Анда:

— чынжырлардан 179 даана;

— билериктен 52 даана болгон.

Кармалган товардын жалпы салмагы 2,406 граммды (таза), орточо базар баасы 7 миллион 699 миң 200 сомду түзгөн.