Ош шаарынын Жаңы-Маала айылынын тургуну 2019-жылы туулган С.И. аттуу бала кечээ, 9-ноябрда Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып дарыяга түшүп кеткен. Баланы издөө иши бүгүн уланып, ИИМ кызматкерлерине көмөктөшүүгө Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу токтотулду, натыйжа болгон жок. Издөө эртең улантылат.
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды
Кечээ, 11-март күнү саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы...











