Оштогу дүкөндө өрт чыкты (сүрөт)

Бүгүн, 24-декабрда Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Мындан улам өрт кырсыгы катталган жерге саат 07:42де Ош шаардык №13 АӨКБдан 2, буга кошумча 07:54тө Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 8:10до чектөөгө алынып, саат 9:09да толугу менен өчүрүлгөн. Өрт кырсыгынын кесепетинен бильярд ойноочу клубдун 88 чарчы метр жыгач устундуу тунуке менен жабылган чатыры жана дүкөндүн 55 чарчы метр аянты толугу менен күйгөн. Кырсыктан жабыр тарткандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.