Оштогу жол кырсыкта мектеп бүтүрүүчүсү менен 2 окуучу каза болгону маалым болду

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Ош шаарына жакын жайгашкан Озгур айылында Honda Fit үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, Увам суусуна түшкөн. ӨКМ кырсыктан каза болгондор бар экенин билдиришкен. 

«2-июнга караган түнү саат 02:00 чамаларында Озгур айылында жол кырсыгы катталды. Айдоочу Хонда-Фит үлгүсүндөгү унааны башкара албай, жолго жакын аккан каналга түшүп кеткен. Кесепетинен бул кырсыктан унаадагы айдоочу жана эки жүргүнчү каза болгон. Бири 2006-жылы туулган Кара-Суу районунун Ак-Буура мектебинин бүтүрүүчүсү болгон. Экинчиси 2008-жылы туулган жаран Ош шаарынын Алымкулов атындагы орто мектебинин 9-класынын окуучусу болгон. Үчүнчүсү Ноокат районунун тургуну Калдай айылынын 2008-жылы туулган тургуну, ал тууганыныкына барган.

Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, каза болгон 2006-жылы туулган жаран атасына таандык болгон Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасын уруксатсыз үйдөн айдап чыккан. Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшеруу иштери башталды», — дешти милициядан.