Оштогу “Кадастр” ишканасынын мурдагы жетекчиси УКМК тарабынан кармалды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кармалган жаран Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кармалган. Кармалган жаранга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мурда бул факты боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы, анын шериги, ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучусу кармалган. Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.