Оштогу каналга 10 жана 8 жаштагы балдар чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя Кара-Кулжа районундагы Биринчи Май айылында жайгашкан каналда болгон. Каналга 2011 жана 2013-жылы туулган балдар чөгүп кетишкен. Жергиликтүү тургундар каза болгон балдардын жансыз денелерин суудан чыгарышып, ата-энелерине өткөрүп беришкен.












