Оштогу каналга түшүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Анын аты-жөнү такталып жатат

Ош шаарынын Аношин көчөсүндөгү турак үйдүн алдынан Яккалик каналына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 26-апрелде ӨКМге түшкөн. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жерине саат 00:50дө Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, каналдагы суунун деңгээли жогору болгондуктан, издөө иши убактылуу токтотулган. Бүгүн, 26-апрелде таң эрте издеп-куткаруу иштерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 7 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында 35-40 жаштагы славян түспөлүндөгү (аты-жөнү такталууда) адамдын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.