Оштогу ат майданындагы окуя боюнча Ош ОИИБ маалымат таратты.
“Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданында президенттин кубогуна арналган көк бөрүнүн финалдык беттешине 40 миңден ашуун көрүүчү келген. Финалдык беттеш аяктар алдында калыстын чечимдерине көрүүчүлөр тарабынан нааразычылыктар айтылып, көрүүчүлөр бейбаштык кылып калыстарга карата куру желим бөтөлкө ыргытышкан.
Бул боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ат майданындагы окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Учурда «Төлөйкөн» ат майданынан бардык жарандар тарашкан, аталган аймакта абал тынч. Ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо”, — дешти.
Бүгүн, 31-августта Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогуна болгон оюнду жогорку лигада “Ынтымак” жеңди. Финалдык беттеште “Ынтымак” менен “Достук” кез келип, эсеп сандар 2:1 менен “Ынтымактын” жеңиши менен аяктаган.
Күбөлөр жазгандай, оюн массалык башаламандык менен аяктады. Күйөрмандар калыска нааразы болуп, оюн талаасына чуркап жөнөшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча алар калысты сабап салышкан.