Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги лифтке 41 жаштагы аял менен 3 бала бекилип калган

иллюстрация

Оштогу Абакир уулу Төрөбек көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги лифтке 41 жаштагы аял менен 3 бала бекилип калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуяга электр жарыгынын өчүп калышы себеп болгон. Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар эшикти ачып, бекилип калган жарандарды чыгарып алышкан.