Оштогу мейманканада Сербиядан келген жарандын баштыгы уурдалган. Шектүү кармалды

Чет мамлекеттен келген туристтин баштыгын уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

12-июлга караган түнү Сербия өлкөсүнүн жараны баштыгын белгисиз жарандар Ош шаарындагы конок үйлөрүнүн биринен уурдап кеткендигин билдирген. Аталган факты Ак-Буура милиция бөлүмүнө Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин белгилери менен катталып, кылмышка шектүүнү кармоо боюнча чаралар көрүлгөн.

Кылмышка шектелип, Ош шаарынын 1975-жылы туулган жараны кармалып, тергөөгө камсыздалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн жанынан алынган баштык жабырлануучуга таандык экени аныкталган. Сербия өлкөсүнөн келген туристтин баштыгы өз колуна тапшырылган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.