Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында жайгашкан Мамакеев атындагы санаторияда бассейнге 2016-жылы туулган бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин туугандары аны суудан чыгарып алышкан. Бала ооруканага жетип каза болгон.












