Ош шаарынын аймагында катуу жааган жаандан сел жүрдү. Алдын ала маалыматтарга караганда, Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Араван — Ак-Буура каналына 7 автоунаасын сел агызып кеткен. Төлөйкөн айыл аймагындагы жайкы эс алуучу жайда эс алып жүргөн 4 жаран белгисиз болууда. Озгур айылында селден жарандарды өткөрүш үчүн КамАЗга элди жүктөп жатып, унаа жылып кетип 1 жаранды тебелеп кеткен. Натыйжада 1 жаран жеринде каза болгон. Жалпы 134 үйгө сел кирген, 17 үйдүн дубалы бузулган. Болжол менен 15 машина селден жабыркаган.
Ош шаарынын мэри саат 18:00дө Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары менен ыкчам жыйын өткөрүп, селдин кесепеттерин жөнгө салуу боюнча протоколдук тапшырмалар берилди. Ошону менен катар Ош шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал абалы киргизилди.
Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын атайын техникалары жана ӨКМнин Ош шаары бюнча башкармалыгынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, Ош шаардык гарнизонунун өздүк курамы ыкчам тартылып, селдин кесепеттерин жөнгө салуу иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле жоголгон жарандарды издөө иштери жүргүзүлүүдө.