Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кара-Суу жана Базар көчөлөрүндөгү Ак-Буура дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашкан жер тилкелеринде курулушка уруксат берүүчү архитектуралык иш кагаздары жок өз билемдик менен 10 жөө адамдар өтүүчү көпүрөлөр жана башка соода түйүндөрү курулгандыгы аныкталган.
Алсак, Ош шаарынын архитектуралык-курулушту контролдоо боюнча шаардык башкармалыгынын, Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын, Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Ош аймактар аралык башкармалыгынын, Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош филиалынын кызмат адамдары кызматка болгон кайдыгерлигинен жана өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарышпагандыктан, ошондой эле, өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, Ош шаарынын Кара-Суу жана Базар көчөлөрүндөгү Ак-Буура дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашкан жер тилкелеринде курулган мыйзамсыз курулуштарды буздуруп, алып салуу боюнча эч кандай чара көрбөстөн, өздөрүнө же болбосо башка адамдар үчүн кандайдыр бир пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында жогорудагы мыйзамсыз курулуштардын курулушуна өбөлгө түзүп беришкен.
Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Салык кызматы тарабынан даярдалган «Өз адамдар үчүн мунай: Кыргызнефтегазды кантип курутушту» аттуу иликтөөнүн видеоматериалдары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган. Аталган материалдарда...
10-март күнү саат 20:35 чамасында «102» кызматына белгисиз жүк ташуучу унаанын айдоочусу 2006-жылы туулган А.Б.К. аттуу жаранга карата зордуктоо кылмышын...
9-мартта социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында «Facebook» социалдык тармагындагы «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт колдонуучусу аркылуу Кыргыз Республикасынын бийлигин каралоого жана...