Оштогу студент кыздын өлүмү. 27 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Ошто 27 жаштагы жигиттин дайынсыз болуп жатканын билдирип, жансыз дене Ак-Буура-Араван каналынан изделип жатканын маалымдашкан. 

Бүгүн, 1-июлда ӨКМден 24 куткаруучу тартылып, саат 09:58де маркумдун жансыз денесин жогоруда аталган каналдан алып чыгып, ИИМдин кызматына өткөрүп беришти.

Кечээ, 30-июнда милиция 28-июнда Оштогу Ак-Буура дарыясынын боюнан медициналык колледжинин 2-курсунун студентинин жансыз денеси табылганын билдирген. Милиция кызматкерлери тарабынан ал кыздын аты-жөнү аныкталып, ал Баткен районунун тургуну экендиги, Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин 2-курсунун студенти экенди такталган. Ошол эле учурда жергиликтүү маалымат каражаттары кыз менен жигиттин кыз-жигит мамиледе болгонун жазып чыгышты.