Оштогу техникумдун жатаканасынан өрт чыкты

Ош шаарында жайгашкан Айыл чарба техникумунун жатаканасынын имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:38де Ош шаарынын №85 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 12:02де чектөөгө алынып, 12:22де толук өчүрүлгөн. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.