Оштогу УКМКга ИИМдин кызматкерлери барып, кармоо жүргүзгөнү айтылууда

Бүгүн, 20-январда Ош шаардык УКМКнын имаратына ИИМдин атайын отряды кирип, кармоо баштаганы айтылды. Тергөө жүргүзгөн делип жаткан Башкы прокуратура азырынча маалымат бере элек. 

Жергиликтүү ЖМКлардын жазган маалыматтарына караганда, ИИМдин 20 чакты кызматкери Оштогу УКМКга кирип, пара талап кылууга шектүүнү кармап жатканын жазды. Ал эми дагы бир ЖМК 15 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМКнын кызматкери кармалганын жазса, айрымдары ИИМ менен УКМКнын кызматкерлеринин арасында ызы-чуу чыкканын жазышты. «ИИМдин атайын отряды УКМКнын Ош шаардык башкармалыгынын имаратына кирүүгө аракет кылган, бирок аларды киргизбей коюшкан. Алардын ортосунда жаңжал чыкты»,- деп жазышты басылмалар.