Кара-Суу районунда октон жаракат алган 2 жаран өзүнө келди. Бул тууралуу журналисттерге Оштогу ооруканадан тастыкташкан.
Алар 1-2 күндө палатага которулат.
- 27-январь күнү саат 20:30 чамасында милицияга кабар түшүп, анда Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында ок атуучу куралдан 2 жаран жаракат алып, Ош шаардык ооруканага түшкөндүгү кабарланган. Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө, 27-январь күнү саат 19:15 чамасында Нариман айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар Мересед-Бенц-Вито үлгүсүндөгү унаа менен келип, үйдүн короосуна киришкен. Бул жарандарда ок атуучу курал болгон. Үйдүн жашоочулары өздөрүнүн Тойота Ленд Крузер 200 үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Алардын аткан огунан жарат алышкан 2 жаран ооруканага кайрылышкан. 27-январь күнү саат 22:11 чамасында Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 32 жаштагы жаран ич тарабынан жана 21 жаштагы жаран бутунан ок атуучу куралдан алган жаракаттарынан улам жаткырылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 207-берененин негизинде (каракчылык) кылмыш иши козголду. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, 27-январь күнү саат 23:21 чамасында Мерседес-Бенц-Вито үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынын Ош көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн үстүндө токтоп турган жеринен табылып, далил буюм катары Ош ОИИБдин короосуна токтотулган. Учурда изин жашырып качып кетишкен белгисиз жарандарды тактап, кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар улантылууда.