Оштогу Увам каналына чөгүп кеткен 2 жаштагы баланын сөөгү табылды

Ош шаарындагы Увам каналына 30-апрель күнү түшкө жуук сууга түшүп кеткен 2019-жылы туулган баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаардык Куткаруу кызматынан жалпы 14 куткаруучу жана ИИМден 7 кызматкер тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып туугандарына өткөрүп беришкен.