Оштогу үрөй учурган жол кырсык. Атасы уул-кызы менен кошо көз жумду

Ош облусунда Тойота Ленд Крузер 200 менен Дэу Матиз унаалары сүзүшүп, 3 адам көз жумду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 11-майда Бишкек-Ош унаа жолунда катталган. Матиз унаасын 1991-жылы туулган Базар-Коргон районунун тургуну башкарып бара жаткан. Айдоочу каршы тилкеге чыгып, жол тандабасты сүзгөн. Окуя болгон жерде Матиз унаасынын айдоочусу көз жумду. Анын 2016-жылы туулган уулу, 2017-жылы туулган кызы ооруканада жан берди. Ал эми жол тандабастын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү ар кандай жарааттар менен ооруканага жеткирилген. Тергөө уланууда.