Оштогу үрөй учурган жол кырсык. Каза болгон жигит 20 жашта болчу

Бүгүн, 1-январда саат 08:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 645-чакырымында 2 унаа кагышып, бир адам көз жумганы маалым болгон. ӨКМ маалымат таратып, кырсыктын чоо-жайын айтышты.

Маалыматка караганда, Мерседес-Бенц Спринтер менен Субару Аутбек үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды жана Спринтер унаасынын айдоочусун унаадан чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жол кырсыктын кесепетинен Ош облустук ооруканасына жалпы 10 киши түшкөн — 5 эркек киши, 2 аял киши жана 3 бала. Ал эми 2001-жылы туулган жигит жан берген. Жерине Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.