Оштун “смотрящийи” экенин айткан Алмаз Эрмекбаев бийликти колдой турганын билдирди.
Ал буга чейин Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгонун айтты. Ал бийликти колдоп, мыйзамдарга баш ийе турганын билдирди.
4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операцияда УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүдө өлтүрүлгөн. 5-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Мындан ары «мыйзамдагы ууру» деген болбойт» деген. Ошол эле күнү “Сакал” каймана аттуу кримтөбөл “мыйзамдагы ууру” макамынан баш тартканын айтса, 6-октябрда «Женго» каймана аттуу кримтөбөл эч кандай макамы жок экенин билдирген. 7-октябрда Камчы Көлбаевдин жеке жан сакчысы катары таанымал «Узун Улан» каймана аттуу Улан Барчакеев дагы криминалдык макамдан баш тартты.