«Өспүрүмдөрдү мыйзамсыз ишке тарткан». «Хизбут-Тахрир» уюмунун лидерлери кармалды

«Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн жана лидерлеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында тыюу салынган адабияттарды таратууга, ошондой эле жаш өспүрүмдөрдү мыйзамсыз иштерге тартууга аракеттенген «Хизбут-Тахрир» жашыруун топторунун биринин жетекчилеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Алардын кезектеги жыйынына чогулуу учурунда кылмышкерлерди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүп, ал жыйынга катышкан жаш муунду өстүрүү жана окутуу боюнча экстремисттик «Хизбут-Тахрир» идеологдору тарабынан аталган жыйынга дуушар болгон жашы жете элек өспүрүм балдардын тобу катышкандыгы аныкталды.

Кылмыштуу топтун башчысы коңшу мамлекеттердин биринин жараны болгон, ал кармалгандар менен бирге УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жашыруун уячалардын мүчөлөрүнүн жашаган жерлерин тинтүү учурунда, тыюу салынган көп сандагы адабияттар, ошондой эле электрондук алып жүрүүчүлөр табылып алынып, алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.