Оштогу базарда дыйканды сабады делген 7 соодагер милиция бөлүмүнө жеткирилди
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы кечээ, 4-июлда Ош шаарындагы Райимбеков көчөсүндө жайгашкан базардын аймагында орун алган окуя боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Социалдык тармактарда базардын аймагында жарандардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, мушташ болуп жаткандыгы тартылган видео тараган. Аталган окуя ошол эле күнү Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө катталып, окуянын бардык жагдайларын объективдүү жана ар тараптуу аныктоо максатында тиешелүү териштирүү иштери башталган. Учурда окуяга тиешеси бар жарандар аныкталып, тергөө кызматына камсыздалып, пикир келишпестиктин келип чыгуу себептери такталууда. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.