Оторбаевге карата «Кумтөр» иши боюнча өкүм чыкты

Мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев «коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан маалымдашты.

Экс-премьерге 300 миң сомдук айып пул чегерилген. Азырынча мурдагы өкмөт башчы жана анын адвокаттары соттун чечими боюнча комментарий бере элек.

Жоомарт Оторбаев 16-сентябрда УКМК тарабынан кармалган. Кийинчерээк анын «Кумтөр Голд Компани» чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук бергени айтылган. 20-ноябрда анын бөгөт чарасы каралып, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.