Сузак районунун Мундуз айылында өз жанын кыюуга аракет кылган 36 жаштагы аял куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1985-жылы туулган аял Көк-Арт дарыясына өз жанын кыюу максатында сууга секирген. Аны жергиликтүү жарандар куткарып суудан алып чыгышкан. Куткаруучулар жерине барып, абалды көзөмөлгө алып, аялды Сузак райондук РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.









