Чүй облусунда таксистке карата тоноо менен киши өлтүрүүгө аракет жасалган. Шектүүлөрдүн бири ошол жерде каза болуп, экинчиси кармалган.
- 18-апрелде саат 02:20 чамасында 1991-жылы туулган жаран өзүнүн Киа К-7 унаасы менен такси кызматын көрсөтүүгө чыккан. Ага 2005 жана 2004-жылы туулган жигиттер отуруп, Бишкектен Кашка-Суу айылына жеткирүүнү суранган. Айтылган жерге жеткенде унаанын арткы орундугунда отурган 2004-жылы туулган жигит айдоочунун мойнуна бычак сайып, качкан. Айдоочусу мойнуна сайылган бычакты сууруп алып, коргонуу максатында 2005-жылы туулган жигитке 2 жолу сайган. Ал ооруканага жеткиче каза болуп калган. Аталган факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголду. 2004-жылы туулган жигит кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда. Ал эми айдоочунун аракети өзүн коргоо катары бааланууда.
Мындан улам коомчулукта таксисттин тагдырына кызыккандар көбөйдү. «Ага кылмыш иши козголобу? Кармалабы?» деген суроолорго юрист Шердор Абдыкапаров жооп берди.
«Жаза кодексте 46-47-берене бар. Эгер такси айдоочу ага кол салган учурда жаракат албай калып, шектүүнү өлтүрө сайып жиберсе анда башка маселе болмок. Таксистке бычак сайылып жатат. Ал өзүн коргоо үчүн ушундай жолго барып жатат. Кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, бирок тергөө органы жоопко тартканы аракет кылат. Таксистти аффект абалында болгон деп ишти сотко жөнөтүшү мүмкүн. Аны менен пробацияга чыгып кетиши мүмкүн болот. Жактоочу алып, акталып чыкса болот», — деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram