Өз жанын сактоо үчүн шектүүнү өлтүрө сайган таксист кармалабы? Юристтин жообу

Чүй облусунда таксистке карата тоноо менен киши өлтүрүүгө аракет жасалган. Шектүүлөрдүн бири ошол жерде каза болуп, экинчиси кармалган.

Мындан улам коомчулукта таксисттин тагдырына кызыккандар көбөйдү. «Ага кылмыш иши козголобу? Кармалабы?» деген суроолорго юрист Шердор Абдыкапаров жооп берди.

«Жаза кодексте 46-47-берене бар. Эгер такси айдоочу ага кол салган учурда жаракат албай калып, шектүүнү өлтүрө сайып жиберсе анда башка маселе болмок. Таксистке бычак сайылып жатат. Ал өзүн коргоо үчүн ушундай жолго барып жатат. Кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, бирок тергөө органы жоопко тартканы аракет кылат. Таксистти аффект абалында болгон деп ишти сотко жөнөтүшү мүмкүн. Аны менен пробацияга чыгып кетиши мүмкүн болот. Жактоочу алып, акталып чыкса болот», — деди ал.