Өзбекстанда издөөдө жүргөн жаран Ошто кармалды

Ош шаардык милициясы тарабынан мурда издөөдө жүргөн коӊшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 3-бөлүмү (алдамчылык) менен айыпталып, 2021-жылдын 3-сентябрынан тартып издөөдө жүргөн 1991-жылы туулган Өзбек жаранынын жүргөн жери белгисиз болуп, аны кармоо боюнча Өзбекстандын Фергана облусунун ыкчам кызматкерлери шектүүнү кармоодо Ош ШИИБдин кызматкерлеринен көмөк көрсөтүүнү суранышкан.

Өзбекстанда кылмыш жасап, Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган соӊ, Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан зарыл болгон бардык ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Натыйжада ал кечээ, 20-июнь күнү Ош шаарында кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодексинин 527-беренесинин талаптарына ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аны өз мекенине кайтаруу боюнча тараптарын көзөмөл органдары тарабынан тиешелүү иш-чаралар аткарылып жатат.