2 Өзбек жараны кыргызстандыкты уурдап кетип, 5 ай барымтада кармаган (видео)

Уурдалган кыргызстандык Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кыргыз жаранын уурдап кеткен коңшу өлкөнүн Наманган облусунун эки тургуну Наманган облусунун аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

28-февралда Кыргыз жаранын Өзбекстанга уурдап кетишкенин, ал барымтада кармалып турганын айтып УКМКга анын агасы кайрылган. Такталгандай, жогоруда кармалган адамдар 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен «Баймак» өткөрмө пункту аркылуу жаранды Өзбекстанга алып өтүп, ал адамды барымтага беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылышкан. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 7-мартта уурдалган жаран Кыргыз Республикасына алып келинип, жакын туугандарына өткөрүп берилди. Учурда Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.