Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгындагы коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусундагы Кара-Суу райондук өрткө каршы күрөшүү кызматында курулушту оңдоо иштеринде жасалма келишим түзүү фактысы аныкталды.
«Маалым болгондой, тиричилик буюмдарын жана курулуш материалдарын сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгында жалпысынан 576 миң сомго «Тасма-Групп» жоопкерчилиги чектелген коом жеңүүчү деп табылган. Бирок келишим түзүлгөндөн кийин башкармалыктын башчысынын орун басары, милициянын майорунун демилгеси менен “Тасма-Групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору акча каражатын накталай алып, ортомчулук кызматы үчүн пайыздарды алып салгандан кийин башкармалыктын башчысы полковникке берилген. Жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды жашыруу максатында башкармалыктын башчысынын орун басарынын көрсөтмөсү боюнча курулуш-тиричилик материалдарын жасалма кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларында далилденген«,- деп айтылат маалыматта.
Бул иштин материалдарынын негизинде 30-ноябрда Ош гарнизондук Аскердик прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери катталган. Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.