УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларынын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери кармалды.
С.Ч.М. жарандан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнүн бирине ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып, бирок аткарган эмес. Буга байланыштуу мобилдик банкинг аркылуу мурда алган каражатты кайтарып берген. Бул факты боюнча 5-августта С.Ч.М. кармалып, КУКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары улантылып, бул кылмышты жасоого башка адамдардын дагы катыштыгы аныкталууда.











