Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кичи-Алайда кулаган учак боюнча маалыматы

Бүгүн, 4-июнь күнү саат 13:48 чамасында Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагынын Кичи-Алай айылында болжол менен Ак-Буура дарыясынын баш жаагында (Арча-Бешик жайлоосу) тик учак кулап түштү деген маалымат түшкөн. Тик учактын ичинде болжол менен 10 адам болгон. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жерине тактоо жана куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу жана саат 14:40та 10 куткаруучу тартылган. Окуя тууралуу кошумча маалымат таратылат.