Өзгөчө оор кылмышка шектелген адамды чек арадан өткөрүп жиберүүгө шектүү кызматкер кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Чек ара кызматындагы «Ак-Жол Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун контролеру кармалды.
«Ал өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда мыйзам талаптарын одоно бузуп, укук коргоо органдарынын оор кылмыш боюнча шектүү жаранды кармоо тууралуу оперативдик тапшырмасын аткарган эмес. Бул мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүү жаран жоопкерчиликтен качууга мүмкүнчүлүк алган», — деп жазылат маалыматта.
Кармалган кызматкер Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилип, тергөө иштери Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.