Жалпы аянты 1,08 гектар жер тилкеси Өзгөн мэриясынын балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында Өзгөн шаарынын борборунда жайгашкан жалпы аянты 1,08 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөнүн аныктаган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Өзгөн шаарынын мурдагы мэри тарабынан мыйзамсыз токтом чыгаргандыгы боюнча иш козголду. Ошол эле учурда соттук териштирүүдө Ош облустук соту 1,08 гектар жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча чечим чыгарды.
Учурда аталган жер тилкеси Өзгөн шаардык мэриясынын балансына кайтарылды.
Чүйдө курал менен ок чыгарган, коомдук тартипти бузган шектүүлөр аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 16-июнда социалдык тармактарда Hyundai Sonata...
16-июнь күнү социалдык тармагында мониторинг жүргүзүү учурунда “zhanxo” өзүнүн инстаграм баракчасында адепсиз, оозго алгыс сөздөр менен коштолгон видео жарыялаганы аныкталган....
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жасалма чет өлкөлүк валютаны сатуу каналына бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Ички иштер министрлигинин ыкчам...