Өзгөндө 23 жаштагы жигит киши колдуу болду

Өзгөндөгү адам өлтүрүү фактысы боюнча териштирүү иш-чаралары жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 27-февраль күнү саат 23:35 чамасында милицияга Өзгөн районунун Жылалды айылында 23 жаштагы жарандын жансыз денеси өз үйүндө жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, териштирген учурда айылдын 23 жаштагы тургуну киши колдуу болгону аныкталган. Экспертизалар дайындалып, Жазык кодексинин 122-беренесинде (адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүүлүдө.