Abank july
SerepTV Logo

Өзгөндө жаңжал чыгып, жабыркаган жарандар ооруканага кайрылышты

Өзгөндө жаңжал чыгып, жабыркаган жарандар ооруканага кайрылышты
Өзгөндө жаңжал чыгып, жабыркаган жарандар ооруканага кайрылышты. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. 29-декабрь күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Өзгөн районунун тургундары 1988-жылы туулган А.Х., 1990-жылы туулган Х. уулу Н. жана 1993-жылы туулган Х. уулу С. денелеринен жаракат алышып, Өзгөн райондук ооруканасына кайрылышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге Өзгөн РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алдын ала маалымат боюнча, жабырлануучулар менен тергөө амалдарынын жүрүшүндө өздүгү аныктала элек Өзгөн шаарынын 4 тургуну чечилбей келген пикир келишпестиктерден улам жаңжалдашканы маалым болгон. Жабырлануучуларга жана окуя болгон жерден алынган далил буюм заттарга тийиштүү экспертизалар дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын изи сууй электе окуяга тиешеси бар делинген Өзгөн шаарынын 1993-жылы туулган Х.М., 2001-жылы туулган А.уулу З., тергөө кызматына жеткирилген. Ошондой эле, 1993-жылы туулган Ю.У., аттуу жаран алган жаратынан улам ооруканага жаткырылды.Ал эми 1983-жылы туулган Х.Б.ны тергөө кызматына жеткирүү боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.