Өзгөндө жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 28-январда саат 19:13тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Өзгөн районунун Мырза-Арык, Куршаб айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Правда айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.