Өзгөн шаарында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Маалыматты Ош ОИИБ боюнча жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-декабрда саат 02:50 чамасында Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө Дөң-Булак айылынын 2005-жылы туулган тургуну Хонда Жаз үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, рулду башкара албай, жолдун четиндеги электр мамысын сүзүп, жол кырсыгына учураган. Анын кесепетинен жүргүнчү — Дөң-Булак айыл аймагынын 2004-жылы туулган тургуну денесинен алган жаратынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми унаанын айдоочусу жана дагы бир жүргүнчү — Дөң-Булак айыл аймагынын 2006-жылы туулган тургуну денелеринен ар кандай жараат алып, Өзгөн районунун ооруканасына кайрылышкан. Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.