Өзгөндө эркек кишини бычып салууга айыпталган жаранга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан билдиришти.
Өзгөн райондук сотунун 31-майындагы өкүмүнүн негизинде шектүү Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылган жана ушул эле берене менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.
Шектүүгө карата Жазык кодексинин 82-беренесинин негизинде, 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн бошотулган. Өкүм бүгүнкү күндө күчүндө, эч ким тарабынан даттанылган эмес.
- 2023-жылдын 14-ноябрь күнү саат 00:30 чамасында милицияга аймактык ооруканага 44 жаштагы жаран денесинен жараат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат түшүп, каттоого алынган.
- 13-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Өзгөн районунун Куршаб айылынын 44 жаштагы тургуну өзү жашаган үйүнө ошол айылдын тургуну 44 жаштагы жаранды чакырып, үйүнүн короосунда өз ара пикир келишпестиктен уруша кетишип, натыйжада жаранга бычак менен денесине жараат келтирип, электр мамыга жип менен байлап койгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө (ден-соолукка оор залал келтирүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Аталган кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 44 жаштагы тургуну кармалып, камакка алынган.









