Өзгөндөгү базардын 5 гектар жери мамлекетке өттү. Анын баасы жарым миллиард сом

Ош облусунун Өзгөн районундагы дээрлик жарым миллиард сомдук 5 гектар базар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүп, натыйжада Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси жана 1000 чарчы метр административдик имараты менен бирге, ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Аталган объекттин базар баасы 470 млиллион сомду түзөт. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.