Өзүн Аламүдүн сотунун кызматкери катары көрсөткөн жактоочунун жардамчысы кармалды

Пара алып жаткан жеринен жактоочунун жардамчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен козголгон сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, 1-мартта жактоочунун жардамчысы кармалды.

Кармалган адам сот имаратында жүргөндө өзүн Аламүдүн сотунун кызматкери катары көрсөтүп, соттук териштирүүнүн мөөнөттөрүн тездетүү боюнча кызматтарды сунуштаган. 1-мартта Аламүдүн сотунун имаратынын жанынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө пара катары акча алуу процессинде адвокаттын жардамчысы кармалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.