Үй-бүлөлүк дарыгерлердин арыздарынын негизинде Панфилов районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунда текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Жүргүзүлгөн мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, Саламаттыкты сактоо министирлигине караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фонду тарабынан жалпы суммасы 3 миллион 840 миң 304 сом өлчөмүндөгү акча каражаты фармацевтикалык компанияларга которулуп берилген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.











