Пара алып жаткан жеринен Нарын РИИБдин 2 кызматкери кармалды

Пара алып жаткан жеринен Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары жана тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-февралда опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Нарын РИИБдин ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары жана тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Аталган кызматкерлер Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү (жылмакай ок атуучу куралды сактоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу Нарын районунун бир топ тургундарынын баш коргоо чарасына оң чечим чыгаруу үчүн алдын ала сүйлөшүп алып, Нарын районунун тургундарынан 40 миң сом талап кылган. Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү анча оор эмес кылмыштарга тиешелүү, анда жаза айып пул түрүндө гана каралган, эркинен ажыратуу каралган эмес.